Бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясында президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлердин үстүнөн түшкөн арыздар каралып жатат.
Талапкерлерден Адахан Мадумаров, Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова, Кубан Чороев, Токтайым Үмөталиеванын дарегине арыздар түшүп, ошондой эле жыйынга айрым ЖМКлар да чакырылган.
Буга чейин Мадумаровдун Москвадагы мекендештер менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу материалды Башкы прокуратура БШКга жөнөткөн. Азыркы тапта дал ушул маселе каралып жатат.
Ошондой эле Демократия жана жарандык коомчулук үчүн коалициясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына айрым президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлерге арызданып кайрылышкан болчу. Коалициянын башчысы Эрик Ирискулбеков да бүгүн БШКга келди. Кубан Чороев менен Токтайым Үмөталиева Ирискулбековду «саясий заказ аткарып жатасың» деп сындашты.
Ал эми Калмаматов боюнча «Супер ТВ» телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө 26-ноябрь күнү чыккан маегине байланыштуу маселе каралат. Анда экс-депутат өлкөдө болуп жаткан окуялар, саясий өзгөрүүлөр тууралуу кенен айтып берген эле.