БШКга административдик ресурсту колдонуу жөнүндө 14 сигнал келип түштү

Эки күндөн кийин өтө турган шайлоодо жана референдумда административдик ресурсту колдонуу тобокелдигин жоюу үчүн бардык чаралар кабыл алынат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков билдирди.

«Белгилей кетсем, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, референдум административдик ресурс пайдаланылбастан, таза өтүүсү керек. Өкмөт административдик ресурсту колдонуунун ар кандай фактысын четке кагуу үчүн бардык күчүн жумшоосу тийиш. Укук бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдарга жооп кайтаруучу координациялоочу топтор, тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү текшерүүлөрдү ыкчам жүргүзүүсү зарыл», — деди Новиков.

БШКнын маалыматы боюнча, административдик ресурсту колдонуу жөнүндө 14 сигнал келип түштү, учурда алар боюнча текшерүү жүрүүдө.