БШКга административдик ресурсту пайдалануу боюнча арыз түштү

БШКнын координациялык жумушчу тобуна Орусияда жашаган Кыргыз жаранынан арыз түштү. Анын айтымында, Москва шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине келип катталуу учурунда элчиликтин кызматкери Садыр Жапаровго добуш бересиңби?” деп сураган. Арыз жазган жаран муну административдик ресурсту колдонуу деп баалаган.

Тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Административдик ресурсту колдонуу үчүн мамлекеттик кызматкер айыпка жыгылып, ал эми талапкер жарыштан четтеп калышы ыктымал.