БШКга «Ата Мекен» партиясынан парламенттик шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү

«Ата Мекен» саясий партиясынан 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Чынара Аблакееваны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Динара Кулжанованы көрсөтүшкөн.