Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Дурсунов Атамша Латифовичтен 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда башкача айтанда, 13-октябрь саат 18:00дө аяктайт.
Буга чейин БШКга Жогорку Кенештин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө талапкер Сариев Акылбек Аблабекович жана Малиев Арсланбек Касымакуновичтен билдирүү түшкөн.











