БШКга Токмокто талапкер менен жолугушууга мугалимдерди алып келишти деген даттануу түштү

БШКнын координациялык тобуна БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаевадан билдирүү келип түшкөн. Анын айтымында, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова дагы бир талапкер Садыр Жапаровдун Токмокто шайлоочулар менен жолугушуусу жөнүндө билдирүү жарыялаган. Анда иш-чарага Токмоктун эки районунан мектептердин жетекчилери, мугалимдер, энергетиктер катышкандыгы жазылат. Аларды жыйынга ар бир айыл өкмөттөн, бардыгы болуп беш маршруттук такси менен алып келишкен деп жазылат маалыматта.

Факты боюнча териштирүү башталып, материалдар Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.