БШКнын 12 мүчөсү шайланды. Алар кимдер?

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 12 мүчөсүн жактырды. Алардын жарымы президент тарабынан, жарымы парламенттеги фракциялар тарабынан сунушталган. Жалпы 101 депутат катталып, баары талапкерлерди колдоду. Муну менен комиссиянын мүчөлөрү 5 жылга шайланды.

Фракциялардын талапкерлери:

1. Узарбек Жылкыбаев (КСДП);

2. Акылбек Эшимов («Кыргызстан»);

3. Кайрат Маматов («Республика — Ата Журт»);

4. Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»);

5. Абдыжапар Бекматов («Бир Бол»);

6. Искендер Гайпкулов («Ата Мекен»).

Президент сунуштаган талапкерлер:

7. Нуржан Шайлдабекова;

8. Марс Наспеков;

9. Анар Дубанбаева;

10. Нурлан Койчукеев;

11. Акбалык Жумалиева;

12. Айдана Жупуева.