БШКнын алдындагы ачкачылык акциясы токтоду

Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту.

Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын мүчөсү, акциянын катышуучуларынын бири Амантур Манапбаев билдирди.

«Шайлоонун жыйынтыгы менен сегиз партия макул эмес. Биз шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз. Көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Социалдык тармактарды видео, фото фактылар жарыяланды. Биз бийликке, тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Анын жообун күтөбүз, талап кылабыз. Азыркы учурда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыгып биз менен сүйлөштү. Анын чыгышы үчүн эки күн ачка турушка мажбур болдук. Чатырларды милиция кызматкерлери сындырып, алып кетишкен. Ага карабай биз күнү-түнү күттүк. Биз Шайлдабековадан шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдык. Ал Бишкектин шайлоо тилкелеринде кайсы жерде мыйзам бузуу катталса, арыздын негизинде ал жердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат деди. Муну жеңиш деп айтсак болот. Биздин талаптар толук аткарылган жок, бирок жарым-жартылай аткарылды«, — деди ал.

14-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын  өкүлдөрү БШКнын алдында ачкачылык акциясын баштаган. Алар добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Бүгүн алардын бири өзүн жаман сезип, Тез жардам унаасы чакырылганы белгилүү болгон.