БШКнын жумушчу тобу Калмаматовдун үстүнөн түшкөн арызды канааттандырган жок

Бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясында президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлердин үстүнөн түшкөн арыздар каралды. Талапкерлерден Адахан Мадумаров, Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова, Кубан Чороев, Токтайым Үмөталиеванын дарегине арыздар түшүп, ошондой эле жыйынга айрым ЖМКлар да чакырылган.

Арыздардын катарында «Супер ТВ» телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө 26-ноябрь күнү жарыяланган саясатчы Бактыбек Калмаматовдун маеги да бар эле. Анда өлкөдө болуп жаткан окуялар, саясий өзгөрүүлөр тууралуу кенен сөз болгон.

Жумушчу топ бул арызды карап чыгып, шайлоо мыйзамынын эрежелери бузулган эмес деген чечимди кабыл алды.