БШКнын мүчөсү: “Ташиев айыптаган судьянын балдары мигрант, өзү эски үйдө жашайт”

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Гүлбара Калиева күйөөсү экөө 20 жылдан ашык убакыт мурун курган үйдө жашайт. Күйөөсү эски, оң рулдуу Хонда унаасын айдайт. Анын кызы менен күйөө баласы борбордон үй алуу үчүн чет жакта иштеп жүрүшөт. Ал көпчүлүк паракорлордун түн уйкусун бузчу.

Ага ушул жылдын апрель айында эле кылмыш иши козголгон. Буга Жээнбековдун президенттик аппаратындагы күч түзүмдөрү менен соттордун куратору Алманбет Салиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Гүлбара Калиева коррупцияга баткан соттордун арасындагы ак каргадай болчу.

Ташиев мырза, сиздин Калиевага карата айткан сөздөрүңүз аны эмес, сизди мүнөздөйт. Мен анын кандай шартта жашаганынан эле ак эмгеги менен тапкан каражатка жашарын түшүндүм. Эми сизден бардык соттордун, прокурорлордун, финполчулардын, бажы кызматкерлеринин жана конторанын башчыларынын мүлктөрүн текшерип чыгууну талап кылам”, — деп жазган ал.

Кечээ Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун билдирген. «Биз материалдарды Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына тапшырдык. Эгер алар чечим кабыл алып берсе, Жогорку Соттун төрайымын  жогорку кызматты ээлегенине карабастан эртең деле камакка алабыз. Ал мыйзамды бузуп, ошону менен мамлекетке зыян келтирген», — деген Камчыбек Ташиев.