БШКнын толук курамы суракка чакырылды

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 21-октябрда коомчулуктун көңүл чордонунда болду. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын маалыматы боюнча, Ички иштер министрлигинин кызматкери аларга келип, Боршайкомдун толук курамы суракка чакырылганын айткан. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, БШКнын мүчөлөрү 5-октябрдагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суракка чакырылышкан.

«БШКга шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча маалыматтар берилген, бирок алар эч кандай чара көргөн эмес. Буга байланыштуу Жазык кодексинин «шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган», — деди министрдин орун басары.

Айрым депутаттар Ички иштер министрлиги тарабынан Боршайкомдун мүчөлөрүнө мындай аракет жасалышы мыйзамсыз экенин айтышты.

Жогорудагы окуядан тышкары, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламентке Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алганы жатат. Ал төрт мүчөнүн катарында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да бар.

Маалымат иретинде айта кетсек, БШКнын 12 мүчөсүн беш жылдык мөөнөткө парламент тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коомчулук көрсөтөт.