БШКнын төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды

Бүгүн, 2-июлда БШК төрагалык кызмат ордуна шайлоо өткөрдү. Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп кайра шайланды. Ал президенттин квотасы менен келген. 

30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 12 мүчөсүн жактырган. Алардын жарымы президент тарабынан, жарымы парламенттеги фракциялар тарабынан сунушталган.

Фракциялардын талапкерлери:

1. Узарбек Жылкыбаев (КСДП);

2. Акылбек Эшимов («Кыргызстан»);

3. Кайрат Маматов («Республика — Ата Журт»);

4. Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»);

5. Абдыжапар Бекматов («Бир Бол»);

6. Искендер Гайпкулов («Ата Мекен»).

Президент сунуштаган талапкерлер:

7. Нуржан Шайлдабекова;

8. Марс Наспеков;

9. Анар Дубанбаева;

10. Нурлан Койчукеев;

11. Акбалык Жумалиева;

12. Айдана Жупуева.