БШКнын төрайымына эки орун басар шайланды. Алар кимдер?

БШКнын жаңы курамы бүгүн, 2-июлда биринчи отурумун өткөрдү. БШКга кайра төрайым болуп шайланган Нуржан Шайллдабековага эки орун басары шайланды. Алар Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев.

30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 12 мүчөсүн жактырган. Алардын жарымы президент тарабынан, жарымы парламенттеги фракциялар тарабынан сунушталган.

Фракциялардын талапкерлери:

1. Узарбек Жылкыбаев (КСДП);

2. Акылбек Эшимов («Кыргызстан»);

3. Кайрат Маматов («Республика — Ата Журт»);

4. Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»);

5. Абдыжапар Бекматов («Бир Бол»);

6. Искендер Гайпкулов («Ата Мекен»).

Президент сунуштаган талапкерлер:

7. Нуржан Шайлдабекова;

8. Марс Наспеков;

9. Анар Дубанбаева;

10. Нурлан Койчукеев;

11. Акбалык Жумалиева;

12. Айдана Жупуева.