Будапешт-Бишкек-Будапешт түз аба каттамы ачылабы? Министр Казакбаев сүйлөшүү жүргүздү

Кечээ, 5-апрелде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Анда Казакбаев Сийяртону 3-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоодо «ФИДЕС» башкаруучу партиясынын жеңиши менен куттуктады. Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Казакбаев Сийяртону Кыргызстанга иш сапары менен келип, анын алкагында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйынын өткөрүүгө чакырды. Мындан тышкары, Венгриянын «WizzAir» авиакомпаниясы тарабынан Будапешт-Бишкек-Будапешт түз аба каттамын тез арада ачуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Бул рейс Кыргыз Республикасынан Европа Биримдигине мүчө мамлекеттин борбор шаарына биринчи түз каттам болот.