Буга чейин жок беле? Байсалов «жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин толук тизмесин түзгүлө» деди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык абалдын курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирет жана мамлекеттин маанилүү функциясы болуп саналат. Буга байланыштуу мурда жөнгө коюлган жеткирүүлөр үзгүлтүккө учураган мезгилде Министрлер кабинети тарабынан ыкчам жана чечкиндүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат. «Учурда жарандардын арасында дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын баасын жөнгө салуу жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугу боюнча кооптонуулар бар. Фармацевтикалык компаниялар өз кезегинде аймактагы акыркы окуяларды жана валюта курсунун кескин өзгөрүшүн эске алуу менен товарларды үзгүлтүксүз жеткирүү маселесин көтөрүүдө», — деди Байсалов.

Кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов так жана туруктуу жеткирүү логистикасын жөнгө салуу үчүн жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин толук тизмесин түзүүнү тапшырды. Жыйындын катышуучулары ошондой эле фармацевтикалык рыноктун туруктуулугун камсыздоо боюнча бир катар башка сунуштарды жана антикризистик чараларды талкуулап, жактырды.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кеңешме өткөрүп, анда Орусиядан жана Украинадан келген товарлардын үлүшү өлкөгө импорттун 60 пайызга жакынын түзөрү, эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды эске алуу менен Украинада берилген бардык буюртмалар жокко чыгарылганы, жеткирүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгү белгисиз бойдон калып жатканы айтылган.