«Бул башталышы гана». Садыр Жапаров чек араны коргоо үчүн сатып алынган техниканы эсептеди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду.

“Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи маселе катары Куралдуу күчтөрүбүздүн абалы жана өнүгүү багыттары турат. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасынын долбоорун кароо сунушталууда.

Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында жалпысынан биздин өлкөгө түз дагы, кыйыр түрдө дагы таасир эткен ар кандай процесстер жүрүүдө. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү! Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз.

Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн «Airbus» маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатып алынып, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган. Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Орусия менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк. Муну эми башталышы гана деп атасак болот», — деди ал.