Бул фейк. Кытай элчилиги кыргызстандыктардын 70 пайызын эмдөө талабы боюнча үн катты

Кытай тараптын Кыргызстандын калкынын 70 пайызына эмдөө жүргүзүү талабы боюнча билдирүүсү — фейк. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

«Кытай өкмөтү «элдин жашоосу баарынан жогору» принцибин карманат жана өлкөнүн ичинде эмдөөнү активдүү жүргүзөт. Башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөөнү эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби деп эсептесек, Кытай тарап башка мамлекеттерге калкты эмдөө боюнча эч кандай талап койбойт жана кое албайт», — деп билдиришти элчиликтен.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашевдин кытай-кыргыз чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуунун төмөн деңгээлинин себеби, Кытай тараптын 70 пайыз калкты вакцинациялоо талабы жөнүндө билдирүүсү жалган маалымат экендиги айтылды.

«Пандемиянын шартында өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү максатында, Кытай тарап бир катар натыйжалуу чараларды көрүп, ири адамдык жана материалдык ресурстарды пайдаланды, натыйжада жүк ташуу шарттары бир топ жакшырып, товарларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. Кытай тарап кыргыз тарап менен биргеликте кытай-кыргыз өткөрүү пункттарынын ишин мындан ары өркүндөтүү боюнча аракеттерди көрүүгө даяр», — деп кошумчалашты элчиликтен.