«Бул сырбы?». Депутат казино боюнча мыйзамга добуш бергендердин тизмесин ала албай жатканын айтты

Жогорку Кеӊештин Аппаратынын бөлүмү депутаттарга оюн-зоок жайлары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнүн басылган кагазын берген жок. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламент жыйынында билдирди.

Ал вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге кайрылып, депутатка басма кагазын берүүнү тапшырды. «Алар спикер тыюу салды деп жатышат. Бул менин укугум. Бөлүмдүн кызматкерлеринен сураган эмнегедир ыңгайсыз. Же бул сырбы?» — деп Масалиев суроо узатты.

Вице-спикер Сыдыгалиев депутаттар спикердин уруксаты менен аларын турганын айтты. «Мен да көргөн жокмун. Алар силерге келип көрсөтүп беришет», — деди вице-спикер.