БУУ чек ара чыр-чатагында жабыркаган кыргызстандыктарга жардам көрсөтүүгө даяр

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Каныбек Иманалиев БУУнун Кыргызстандагы системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Тараптар өлкөдөгү акыркы окуяларды жана мындан аркы жасалчу кадамдарды талкуулашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутаттар Озонниа Ожиелого чек ара чыр-чатагында Кыргызстан эл аралык эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди толук аткаргандыгы, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салганы боюнча маалымат беришти. Алар ошондой эле андан кыйраган инфратүзүмдөрдү жана объектелерди кайра калыбына келтирүүдө жардам берүүнү суранышкан.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело БУУнун түзүмүнүн өкүлдөрү Баткен облусуна барып, жергиликтүү калк менен жолугушкан соң жабыркагандарга жардам көрсөтүлөөрүн билдирди.

Мындан сырткары, тараптар Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттарынын жолугушуусун уюштурууну макулдашышты, анын максаты — кошуна өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты чыңдоо.