БУУ Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандыгы боюнча комментарий берди

Бириккен Улуттар Уюму Кумтөр кени боюнча Кыргыз Республикасы менен Centerra Gold Inc ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

БУУнун Башкы катчысынын пресс-катчысынын орун басары Фархан Хак журналисттер үчүн өткөргөн пресс-конференциясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандыгын БУУ тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

Тынчтык келишимине кол коюу — маселени эл аралык коммерциялык укуктун алкагында чечилишин билдирет, аны кыргыз тарап БУУнун мүчөсү катары сактап келет. Биздин өлкө тарабынан эл аралык укукту сактоосун көрсөтүү дуйнөлүк коомчулук үчүн абдан маанилүү ролду ойнойт.