Жетинчи чакырылыштын депутаттары бүгүн спикерди, анын орун басарларын шайлап, Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитишет. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Биринчи сессияны эң улуу депутат — “Ынтымак» партиясынан Шарапаткан Мажитова ачат. Андан кийин депутаттар төраганы шайлашат.
Буга чейин маалымдалгандай, спикерликке үч талапкер: Нурланбек Шакиев (№17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округу), Улугбек Ормонов («Ишеним» партиясы) жана Талант Мамытов («Ынтымак» партиясы) бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, Талант Мамытов спикерлик кылат.