Бүгүн спикер баш болгон бир катар депутаттар Түркияга жөнөп кетишти

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.