Бишкекте бүгүн парламентти таркатууну талап кылган нааразычылык акциясы өтөт

Архив

Бишкекте бүгүн, 27-январда жарандык активисттер парламентти таркатууну талап кылып нааразылык акциясын өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, нааразычылык акциясы Ак Үйдүн алдында өтөт.

Өлкөдө 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келди. Октябрдын аягында Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн 2021-жылдын июнуна чейин узарткан. Буга өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал жүйө келтирилген.