Бүгүн, 29-апрелде саат 16:00дө чек ара боюнча Жогорку Кеңештин чукул жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.
Эл өкүлү өз билдирүүсүндө Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы өтө талуу, чиелешкен маселе экендигин белгилеп, бул маселени чечүүдө биримдик керек экенин айтат.
«Жараткан колдоп, чечилбес чырга айланган чек ара маселеси оңунан чечилип, акыры бир чекит коюлушу керек. Ал үчүн баарыбыздын биримдигибиз да өтө маанилүү. Жооптуу адамдар өтө этияттык менен мамиле жасап, дипломатиялык жолду, чечкиндүү, бирок өтө кылдат сүйлөшүүлөрдү тандашыбыз керек. Чек ара боюнча Жогорку Кеңештин жыйыны алдын ала саат 16га белгиленди», — деп жазды ал.












