Бүгүн Чолпон-Атада ТүркПАнын жыйыны өтөт

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот.

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышат.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. Жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынып, ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.