Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын “уят” деп тосуп алышты

Бүгүн Жогорку Кеңеште кечээ ызы-чуу менен коштолуп кабыл алынган мыйзам долбоору экинчи окууда каралганы жатат. “Референдум тууралуу” мыйзам долбооруна добуш берүүдө 62 депутат каттоодон өтүп, анын ичинен бешөө каршы болушкан. Алар: Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Евгения Строкова. Добуш берүү учурунда ордунан тура калган Текебаев “макул болгондор 50гө жеткен жок, чечим кабыл алынган жок” деген. Бирок вице-спикер Мирлан Бакиров көпчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айткан эле.

Жогорудагы мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы болуп жаткан жарандар бүгүн да парламенттин имаратынын жанына чогулушту. Алар жыйынга келе жаткан депутаттарды “позор”, “уят” деп кыйкырып тосуп алышууда.