Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 24-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Ага мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышат.

Анда президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар  каралат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республика аймагында коронавирус инфекциясы шартында президенттик шайлоону  уюштуруу жана өлкөдө мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жаатында иштер жөнүндө маалымат беришет.