Бүгүн өлкө боюнча 10 мектептин, 2 бала бакчанын ачылыш аземи өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркап, жараксыз деп табылган, ал эми окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына көчүрүлгөн болчу. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен, долбоор 2020-жылга чейин токтолуп калган. Бүгүн 720 окуучуга ылайыкташкан жаңы имарат өз окуучуларын, өз мугалимдерин кучак жая тосуп алууга даяр турат.

Раззаков мектеби менен катар мамлекет башчысынын катышуусунда жалпы өлкө боюнча курулушу аяктаган 9 мектептин, 2 бала бакчанын онлайн ачылышы болуп өттү. Президент акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп жана 69 бала бакча салынганын айтып, жылдан жылга билим берүү тармагына каралган каражаттардын динамикасы өсүп жатканын кошумчалай кетти.

Садыр Жапаровдун айтымында, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, балдардын сапаттуу билим алып чыгуусунда мектеп, китеп жана башка көйгөйлөрдөн сырткары, билим берүүнүн ыкмаларын өзгөртүү дагы башкы маселе экени аныкталды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы өткөн жылы “Акылман” президенттик лицейи түзүлгөнүн эске салды. Анын башкы максаты — жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү келечекте республикада жооптуу кызматтарды ээлеши керек. Алар катардагы кызматкерден министрликтин жетекчисине чейин жолду басып өтүп, балким, өлкөнүн президентинин ордун ээлешет. Лицейге академиялык жетишкендиктери жогору болгон таланттуу окуучулар гана тандалып алынат.