Бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекке келди

Бүгүн, 3-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү.

«Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары абдан мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ишеним көрсөтүү жана салттуу достук маанайда тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашууларга жетишишти. Айрым маселелер боюнча чечүү жолдорун белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулган.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Тышкы иштер министрин кабыл алды.