Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматына талапкерди көрсөтүү боюнча маселени карайт.
Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт отставкага кеткен.
Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.