Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы аймактын өнөр жай ишканаларын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле, Садыр Жапаров жолдордун курулушунун жүрүшү менен да таанышары күтүлүүдө.