Бүгүн президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарына кетти

Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарына кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, иш сапарга президент биринчи вице-премьер Артем Новиков баштаган өлкөнүн министрлери менен делегациясы болуп кеткен.

Жапаровдун  иш сапар эки күнгө белгиленген. Биринчи күнү өлкө башчылары жолугуп, эки тараптуу кызматташтык алакаларды жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле Садыр Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугушууларды өткөрөт.

Аны менен катар президенттин Орусияда билим алган кыргызстандык студенттер жана мекендештер менен кездешүүсү да каралган.

Белгилей кетсек, Жапаровдун Орусияга барышы чет мамлекетке президент катары жасаган алгачкы иш сапары.