Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат. Жыйын жүрүшүндө МинКаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет.
Ошондой эле, президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө.