Бүгүн Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча сотко дагы өтүнүч берилет

Бүгүн, 14-январда саат 14:00гө Биринчи май райондук сотунда Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу иши боюнча соттук отурум дайындалган. “Соттук отурум буга чейин жабык түрдө өткөрүлүп келгендигине байланыштуу териштирүүнү ачык өткөрүүнү соттон суранабыз. Бул ишке байланыштуу купуя сыр болгон материалдар гезиттердин бирине чыгып кетти, ошол себептен жабык өткөрүүнүн эч кандай кажети жок”, — деди адвокат Замир Жоошев. Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчүн да жолдошоору маалым болду.

Жогорку Сот Батукаевдин иши боюнча өткөн жылдын ноябрь айында Атамбаевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жкко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөткөн эле. Ошондон бери жактоочулар мурдагы президенттин бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап келе жатышат, ушул күнгө дейре андан майнап чыга элек.