Замирбек Базарбеков жана Нурлан Мусаев Жогорку Соттун судьясы болуп шайланышты

Бүгүн, 2-июнда Замирбек Базарбеков жана Нурлан Мусаев Жогорку Соттун судьясы болуп шайланышты.

Добуш берүү учурунда депутат Дастан Бекешев судьялыкка талапкер болгон Замирбек Базарбаевге кайрылды. «Сиз Садыр Жапаровдун адвокаты болгонсуз, президенттик аппаратта иштегенсиз. Жогорку Сотто сиз мамлекет башчынын администрациясына кылчактабай чечим кабыл алышыңыз керек», — деди.

Базарбековду 94 эл өкүлү колдоп, 6 депутат каршы добуш берди. Ал эми Мусаевди 96 депутат колдоп, 3 эл өкүлү каршы добуш берди. Кызматка шайланган судьялар бүгүнкү жыйында ант беришти.