Быйыл эң көп мыйзам бузуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинде аныкталган

Бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында коррупцияга каршы иш алып баруу боюнча координациялык кеңешме болуп өттү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевдин айтымында, коррупционерлердин ким экенине жана кайсы кызматты ээлегенине карабай алар бардыгына каршы күрөш улана берет. Кеңешменин жүрүшүндө быйыл эң көп мыйзам бузуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинде аныкталганы айтылды. Башкы прокуратура тарабынан баш-аягы 700гө жакын мыйзам бузуу катталганын, анын 34ү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал иштер негизинен дары-дармек жана медициналык жабдуу сатып алууга байланыштуу.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Улуттук госпиталга эмне үчүн эки жылдан бери жетекчи дайындалбай жатканына кызыкты. “Аталган ооруканага жаткыруу үчүн акча алышат, карантин учурунда 2 миң доллардан алышкан деген маалыматтар бар. Эгерде жетекчиси жок болсо, анда текшерүү кандай жүрөт”, — деди Зулушев. Буга карата Саламаттыктык сактоо министри бейтапканада орунду сатуу, кезекти көзөмөлдөбөө фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айтты.

Кеңешмеде Финполдун башчысы да маалымат берип, медициналык кызматкерлер тарабынан коронавируска каршы күрөшүү учурунда мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирилгенин айтты. “Алар мыйзам бузууга айлыктын аздыгынан же жетекчиликтин буйругунан улам барышканын билдиришти”, — деди Сыймык Жапыкеев. Анын айтымында, учурда козголгон 75 иштин бири боюнча мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев камакка алынган.