«Бүтүн Кыргызстан» Айгүл Айдарованы аталган фракциядан чыгарды

«Бүтүн Кыргызстан» депутат Айгүл Айдарованы аталган фракциядан чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге фракция лидери Исхак Масалиев билдирди.

Маалыматка караганда, фракция жыйыны 30-майда өткөн. Анын айтымында, буга анын фракция жыйындарына катышпай калгандыгы жана келбей калган себептерин фракцияга билдирбегени менен түшүндүрүлгөн эмгек тартибин системалуу түрдө бузуулар себеп болгон. «Ал Жогорку Кеңештин депутаты бойдон кала берет. Биз аны «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы жана партиясы менен байланыштырбоону суранабыз», — деген депутат.