Депутат Айдарованын партиялашы Нарматова тууралуу сөзү талкууга түштү

Социалдык тармактын колдонуучулары «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Айгүл Айдарованын камакка алынган экс-депутат жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова тууралуу айткан видеосу талкууга түштү.

Журналисттерге берген интервьюсунда ал экс-депутат Орозайым Нарматованы шайлоо учурунда эле көргөнүн айтып, аны мыкты кыз деп баалап, бирок анын бийликке болгон сынын аша чапкандык деп эсептей турганын билдирген. «Орозайым Нарматованын кармалганы боюнча өз пикирим, демократия деп эле көп нерсени аша чаппаш керек. Кимди сындасаң да, жакшы сөз менен сында. Анын постторун деле окубайт экем. Бир-эки жолу Ютубдан көрдүм, аша чаап кетет», — деди ал.

Депутаттын бул пикирине социалдык тармактын колдонуучулары көп комментарий жазышууда. Алардын арасында депутат айымды колдогондор да бар, бирок көпчүлүгү Орозайым Нарматова экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер бар деп божомолдоп жатышат.