«Бүтүн Кыргызстан» кайрылуу таратып, Мадумаров кол койгон протоколдун көчүрмөсүн жарыялады

Кечээ, 18-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кайрылуу таратып, анын лидери Адахан Мадумаров кол койгон протоколдун көчүрмөсүн жарыялады.

«Партиянын саясий кеңеши президент Садыр Жапаровдун партиянын төрагасы Адахан Мадумаровдун дарегине карата айтылган шылдыңдоо, ушактоо жана каралоочу негизсиз сөздөрү боюнча Кыргыз жарандарына кайрылууга аргасыз болуп отурат. Президент 17-январда берген маегинде партиянын төрагасын “кылмышкер, саткын” деп атады. Биринчи жетекчинин оозунан чыккан мындай сөздөр Кыргыз жараны катары да, Жогорку Кеңештин депутаты катары да, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери катары да Адахан Мадумаровдун укуктарын одоно бузат», — деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууга протоколдун көчүрмөсү да тиркелген. «Бул документ ниеттенүү жөнүндө Протокол болуп саналат жана ал учурунда чек арада курчуган кырдаалды басаңдатуучу фактор болгон, ошондой эле кезегинде аймакта түзүлгөн оор абалды чечүү максатын көздөгөн. ​Бул документ рекомендациялык мүнөзгө гана ээ, атүгүл Жогорку Кеңешке ратификациялоого жөнөтүлгөн эмес. Протоколдо мындай деп так жазылган: “Маселе ар бир мамлекеттин өкмөт аралык комиссиясында каралсын жана чечилсин, тийиштүү мамлекетке жана анын кызматтарына ар бир мамлекеттин аракеттеги мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү сунушталсын”. ​Протоколдун 2-пунктунда так жазылган: «Исфара дарыясынын куймасындагы узундугу 275 метр жол тилкеси 49 жылга символикалык акы төлөө менен кыргыз тарапка берилсин». Жер тилкесин түздөн түз берүү тууралуу көрсөтмө жок. Бул документти эки ача түшүнүүгө жана эркин чечмелөөгө эч кимге укук берилбейт», — деп жазылат партиянын кайрылуусунда.