«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликке кайрылуу жасады (видео)

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликке кайрылуу жасады.

«Орозайым Нарматовага коюлуп жаткан доомат — абдан күлкүлүү доомат. «Бийликти басып алууга чакырык жасады — Качан? Кайсы жерде? Кантип?». Орозайым Нарматова жүз миңдеген же миллиондогон кыргыздын мыкты уул-кыздары сыяктуу өз өлкөсүндө жумуш таппай, аргасыздан Орусияга кетип, Москва шаарында окуп, ошол жакта иштеп, ата-энесине, туугандарына, бүтүндөй журтка жардам берип жүргөн азамат кыз. Анын кармалышынын себеби бирөө эле. Дайым өзүнүн пикирин так, ачык, даана айтып келүүдө», — деди ал.

Бүгүн, 10-сентябрда Оштогу аэропортто «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалганы айтылды. Бирок маалымат боюнча бир нече саат бою укук коргоо органдары үн каткан жок. Кийинчерээк ИИМ маалымат таратып, анын «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирди.