«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Партия Сүлүктү шаардык кеңешине катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин 1-мартта Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына тапшырган. Мыйзамдын талабына ылайык, 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы партияны каттоого тоскоолдук кылган документтер боюнча билдирүүгө тийиш. Өз кезегинде партия 48 сааттын ичинде каттоого тоскоолдук кылган документтерди оңдоого жана толуктоого укуктуу.

Жогорудагы мыйзам талабын көзгө илбей 8 күндөн кийин 9-мартта гана туура эмес толтурулган документтер боюнча билдирүү берип, 11-март күнү мыйзамды одоно түрдө бузуп, аймактык шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тартат.

13-март күнү партия Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган, 16-мартта БШК да аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин туура деп эсептеген.

18-март күнү партия БШКнын чечимине макул эмес экенин билдирип, Бишкек шаардык Административдик сотуна кайрылган. Кечээ, 20-март күнү Бишкек шаардык Административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясын Сүлүктү шаардык кеңешине катыштырбоо чечимин кабыл алды. Партия Административдик соттун чечимине канааттанбайт жана мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Жогорку Сотко кайрылат», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.