«Бүтүн Кыргызстан» сөз эркиндигинин азыркы абалы тууралуу маселени талкуулады

Бүгүн, 26-майда «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы «Кыргызстандагы сөз эркиндигинин Конституциядагы кепилдиктери жана учурдагы түзүлгөн кырдаал» жөнүндө маселелерди талкуулады. Ага бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, медиа-эксперттер, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин, Жогорку Сот, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Акыйкатчынын орун басары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров эң маанилүү конституциялык кепилдиктердин бири — ой жана сөз эркиндигине болгон укук экенин белгиледи. «Бул маселе коом үчүн эң актуалдуу болуп саналат. Бир катар ЖМК өкүлдөрүнүн сунушу менен коомдогу жагдайды эске алып талкуулап жатабыз», — деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө «Медиа полиси Институту» коомдук фондунун юристи Нурбек Сыдыков, «Апрель ТВ» ЖЧК директору Дмитрий Ложников жана көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова баяндама жасашты. Алар сунушталып жаткан «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоорунда журналисттердин кесипкөй коомчулугунун сунуштары жана сын-пикирлери эске алынбаганын айтышты. Баяндамачылар мыйзам долбоорунда ЖМКларды каттоо жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу, Юстиция министрлигиндеги бардык веб-сайттарды каттоо жөнүндө ченемдер жана башка түзөтүүлөр жазылганын белгилешти. Алардын айтымында, сөз эркиндиги — бул жоопкерчилик, бирок кесипкөй журналисттер жоопкерчилик принциби эмне экендигин жакшы билишет. Сунушталып жаткан нормалар жалаа жабуу, ушак, фейк маалымат таратууга жана кесипкөйсүздүккө каршы тура албасы белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов коомдук пикирди калыптандырууда ЖМКнын ролу чоң экенин айтып, тилекке каршы, журналисттер арасында маалыматты коомдун кызыкчылыгына туура келбеген жолдор менен манипуляция кылгандар да бар экенин белгилеп, өлкөдөгү окуяларды объективдүү чагылдырууга чакырды.

Катышуучулар ошондой эле заманбап журналистиканын жана журналисттерди даярдоонун, анын ичинде маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди белгилешти. Көз карандысыз эксперттер, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү сөз эркиндиги жаатындагы өз позицияларын билдиришти.