«Бүтүрбөй эле койгула, бошсуңар. Арыз жазгыла». Садыр Жапаров облус башчысы менен акимди эмне үчүн кызматтан алды?

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-мартта «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

«Бүтүрбөй эле койгула, болду, бошсуңар экөөңөр тең, кызматтан бошойсуңар. Арызыңарды жазып келгиле азыр», — деди президент.