Бюджетти толтуруу үчүн Бишкектеги бош жер тилкелерди сатуу сунушталды

Балбак Түлөбаев кийинки жылдан тартып жер тилкелерди берүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгарганы жатат. Тийиштүү сунуш жакын арада шаардык кеңештин кароосуна киргизилет. Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучусунун бул кадамы коомчулукта сынга кабылууда. Түлөбаевдин айтымында, шаардын бюджетин толтуруу керек жана бул үчүн ал бош жерлерди ишкерлерге ижарага берип, сатат.

«Бүгүн мен вице-мэрлерди ушул маселе боюнча чогулттум. Бардык муниципалдык менчикти ижарага беребиз, азыр бардыгы санариптештирилип жатат. Мен буга чейин кызматкерлерге коррупцияга жол бербейм деп айткам. Бардык иштер казына аркылуу өтөт», — деди ал.