Centerra Gold Inc. Акылбек Жапаровго жооп катары билдирүү таратты

Centerra Gold Inc. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кечээ, 20-ноябрда айткан сөзүнө карата жооп катары билдирүү таратты.

«Биз ачыкталган маалыматта так билдиргендей, Kumtor Gold Company толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык бойдон калууну улантат. Биз Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алганы үчүн Кыргыз өкмөтүн жоопко тартууга бардык юридикалык кадамдарды жасай беребиз», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясынын 26 пайызына ээлик кылат.