Centerra сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатканын айткан Акылбек Жапаровдун сөздөрүн четке какты
Акылбек Жапаров «Коммерсант»" target="_blank">https://www.kommersant.ru/doc/5064580">«Коммерсант» гезитине берген маекте «биз азыр «Центерранын» жетекчилиги жана акционерлери менен сүйлөшүүлөрдүн активдүү фазасындабыз» деген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/akylbek-japarov-centerra-gold-inc-menen-aktivdyy-syiloshyylordy-jyrgyzyp-jatkanyn-aitty/"> деген эле.
Аталган компания 24.кж агенттигине маалымат берип, Акылбек Жапаровдун айтканын четке какты. "Жапаровдун билдирүүсүнөн айырмаланып, Centerra Gold Inc. менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргөн жок", - дешти компаниядан.
«Центерра Кумтөрдүн адилет наркын жана кенди өкмөт тарабынан мыйзамсыз басып алуу жана башка аракеттерден улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну чагылдырган бул талашты чечүүгө ачык бойдон калууда», - деп билдирди канадалык компания.