Centerra сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатканын айткан Акылбек Жапаровдун сөздөрүн четке какты

Акылбек Жапаров «Коммерсант» гезитине берген маекте «биз азыр «Центерранын» жетекчилиги жана акционерлери менен сүйлөшүүлөрдүн активдүү фазасындабыз» деген эле.

Аталган компания 24.кж агенттигине маалымат берип, Акылбек Жапаровдун айтканын четке какты. «Жапаровдун билдирүүсүнөн айырмаланып, Centerra Gold Inc. менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргөн жок», — дешти компаниядан.

«Центерра Кумтөрдүн адилет наркын жана кенди өкмөт тарабынан мыйзамсыз басып алуу жана башка аракеттерден улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну чагылдырган бул талашты чечүүгө ачык бойдон калууда», — деп билдирди канадалык компания.