Шаршемби, 23.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+40° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Чай берип турбайсың». Президент Оштун депутаттарынын мэрге ишенбөөчүлүгү жөнүндө үн катты

16:33 12.12.2023
0
«Чай берип турбайсың». Президент Оштун депутаттарынын мэрге ишенбөөчүлүгү жөнүндө үн катты

Мындан бир нече апта мурун Ош шаардык кеңеши кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошсо, үчөө каршы чыккан эле. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров үн катты.

«Макул эмесмин. Колдобойм. Себеби, ал жакта эмне болуп жатканын, артында кайсыл депутаттардын жеке кызыкчылыгы, жеке таарынычтары тургандыгын жакшы билем. Иштеп жаткан жетекчилерди өчөшүп алган депутаттардын жеке таарынычынын кесепетинен эле кызматтан алып «ыргыта» берсек, эртең эч ким иштебей коёт. Мамлекеттик кызматтагы милдеттерин сапаттуу деңгээлде аткарбай коёт. Мен мындай учурларды дайыма жеке өзүм териштирип, абдан дыкат иликтегенден кийин анан адилеттүү чечим кабыл алам. Антпесем жакшы иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерден ажырап калабыз.

Депутаттар «мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылыш керек» деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылаардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылышса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда «Ошту ирээтке келтир» деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин Ош шаарынын жашоочулары жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын ирээтке келтирип, бузчусун бузуп жатат.

Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын аттарын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атайм.

Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат. Баса, “мурдагы мэрлер чай берип турушчу эле” дешип, «анда-санда депутаттарды чогултуп чай берип турбайсың» деген дооматтары да бар экен. Ошончо депутатка чай бериш үчүн мэрдин бир айлыгын биякка коёлу, үч айлык эмгек акысы жетпейт. Анын баарына чай берип туруш үчүн мэр мэриянын бюджетинен уурдаш керек. Демек, мурдагы мэрлер уурдап чай берип жүрүшкөн. Мындан ары чай дегенди унутуш керек. Элдин ырыскысын уурдап жегенден өздөрү уялбайбы.

Депутат болуп шайланарда “асмандагы айды алып берем, кулуңар болуп иштеп берем” дегенге чейин барышат. Өтүп алгандан кийин «хандай» жашагылары келишет. Мындан кийин эл дагы кимди шайлашты жакшы билиши керек. Авторитеттүү эле жарандарыбыз “тууганым эле, досум эле, добушуңарды берип койгула” деп түтүнмө-түтүн кыдырганды токтотуш керек.

Чындап келсе кимди шайлашты эл өзү жакшы эле билет. Анан эле орто жолдо адаштырып буруп кеткендер элди жаңылтат. Кыскасы мейли ким болбосун, жеке кызыкчылыгы келгенде мыйзам деп кыйкыра бербей мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койгонду үйрөтүшүбүз керек. Ошого үйрөнгүлө, баары бир үйрөтөбүз», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
15:41 22.07.2025
0

Бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды....

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президентинин Бишкекке келиши: 13 документке кол коюлду

Автор Эдита Ильясова
15:28 21.07.2025
0

Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл...

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Автор Эдита Ильясова
11:20 21.07.2025
0

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп...

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Автор Эдита Ильясова
09:32 21.07.2025
0

Кечээ, 20-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. "Манас" эл аралык аэропортунда...

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
11:52 16.07.2025
0

Байышбек Астанакулов Талас облусунун Талас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Якутияда шахтёрлорду ташыган автобус жардан кулап, үч кыргызстандык каза тапты

Якутияда шахтёрлорду ташыган автобус жардан кулап, үч кыргызстандык каза тапты

12:21 22.07.2025
Камчыбек Ташиев классташ досуна 33 күндө үй салып берди (сүрөт)

Камчыбек Ташиев классташ досуна 33 күндө үй салып берди (сүрөт)

11:32 22.07.2025
Суучул: «Кичинекей баланын сөөгүн тапканда суу астында ыйлагам. Анткени мен да атамын»

Суучул: "Кичинекей баланын сөөгүн тапканда суу астында ыйлагам. Анткени мен да атамын"

16:33 22.07.2025
23-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:37 22.07.2025
Ташиев: «Арзан иштейт экен» деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды курулушка салбагыла»

Ташиев: "Арзан иштейт экен" деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды курулушка салбагыла"

18:25 22.07.2025
«Мейкин Азия» фестивалынын жалпы байге фонду 20 миң доллар

"Мейкин Азия" фестивалынын жалпы байге фонду 20 миң доллар

16:57 22.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү