«Оштогу «Кара-Суу» базарында 5 гектар жерди мамлекет алып туруп, бир фирмага берип койгон. Ошол фирманын ээси ким?» деп суроо салды депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Ал жерди бир кишинин энесине каттатып иштетип жатат. Анысы аз келгенсип, жанындагы 7 гектарды алып, жарандарды сыздатып, ошол жерде бир фамилия бар экен. Аны бул жерде айтпай эле коёюн. Базарда өтүп баратып, ит каап алса да, Бишкекке чалат экен. Эртең анын баары мыйзам алдында жооп берет. Бишкектеги «чоң-чоң» адамдардын атын айтып атыптыр. Мындай «беспредел» болбойт. Кысчу жерин кысып, элдин канын ичпей, мыйзам чегинде иш алып барсын. Алган жерин кайтарсын. Чака толду, ташыйт», — деди ал.