Чакан жана орто бизнес үчүн социалдык төгүмдөрдү кыскартуу сунушталууда

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” жана “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева мыйзам долбоору чакан жана орто ишкердик субъектилерин колдоого багытталганын белгилеп: “Мамлекеттик бюджеттен каржыланган жана мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан ашык болгон уюмдарды, ишканаларды жана мекемелерди кошпогондо, түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн регрессивдүү шкаласын белгилөө аркылуу тариф чендерин 2022-жылдан баштап, 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө азайтуу каралууда”, – деди.

Талкуу маалында комитет төрайымы Динара Ашимова эмне үчүн үч жылдык мөөнөт каралып жатканына кызыгып: “Ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп жатканыңыздар абдан жакшы. Бирок көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда бул мөөнөт өтө аз болуп калат. Анткени үч жылдан кийин кандай кепилдиктер болоору мыйзамда көрсөтүлбөптүр”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Гүлнура Жуматаева бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен эксперимент катары үч жыл чегерилгенине токтолуп: “Андан соң мөөнөттү токтотуу же узартуу маселеси каралат. Бирок сунуштар болсо, кайра карап чыгууга даярбыз”, – деди.

Талкуудан соң бардык сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.